Кыргызстандын калкты тейлөө борборлоруна жасалма интеллект киргизүү пландалууда

Кыргызстандын калкты тейлөө борборлоруна жасалма интеллект киргизүү пландалууда. Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаеванын айтымында, бул келерки жылы ишке ашат.

 

Жаңычылдык калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатат деп күтүлүүдө.

 

Мекеме ошондой эле санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча бир нече пландарды белгиледи. Алардын арасында маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун түзүү, электрондук документтердин санын көбөйтүү жана мамлекеттик кызматтарды санариптик форматка максималдуу түрдө өткөрүү кирет.