Манас проспектисине 200 түп туя отургузулду

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы шаарды штаттык режимде тейлөөнү улантууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкананын кызматкерлери тарабынан бүгүнкү күндө Манас проспектисин бойлой 200 түп ийне жалбырактуу туя отургузулду.

Ал эми учурда жашылдандыруучулар Жаш Гвардия бульвары, Турусбеков, Жукеев-Пудовкин көчөлөрү, Чүй жана Жибек Жолу проспектилери, Фере, Горький, 7-Апрель, Чолпон-Ата көчөлөрү, ошондой эле борбор калаанын кичи райондору менен конуштарында газондорду отоо чөптөрдөн тазалап жатышат.

Ошол эле алар Байтик баатыр, Сүйөркулов, Пушкин көчөлөрүнүн боюндагы, Жеңиш аянтындагы бир жылдык гүлзарларды чөптөрдөн тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Мындан тышкары, жашыл көчөттөрдү арык жолу жана атайын техниканын жардамы менен сугаруу Чүй проспектиси, 7-Апрель, Тынчтык проспектиси, Манас проспектиси, №4 шаардык оорукананын сквери, театралдык сквер, Ата-Түрк, Ынтымак 1,2 сейил бактары жана башка жерлерде жүргүзүлдү.