Кызыл-Омполдон титаномагнетит өндүрүлө баштайт

Кызыл-Омполдон титаномагнетит өндүрүлө баштайт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Кыргызстандагы эң ири титаномагнетит кени – Кызыл-Омполдун өздөштүрүлүшүнө капсула салды.

 

Маалыматка ылайык, аталган кенде миллиондогон тонна титомагнетит бар. Титан — медицинада, авиацияда жана астронавтикада колдонулган баалуу металл. Бул тармакты өнүктүрүү экспорттун көлөмүн гана көбөйтпөстөн, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

 

Акылбек Жапаров титаномагнетитти алууда уран, торийди коопсуз казып алууну камсыз кылуучу технологиялар колдонуларын жана бул элементтер эл аралык коопсуздук талаптарын сактоо менен ташыларын билдирди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.