Кыргызстандан накталай долларды алып чыгууга чектөө киргизилди

Кыргызстандан накталай долларды алып чыгууга чектөө киргизилди.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

Ага ылайык, чет элдиктер 5 миң доллардан, ал эми Кыргызстандын жарандары 10 миң доллардан ашык акчаны сыртка алып чыга албайт.

Эреже бузулган учурда белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10 пайыз өлчөмүндө төлөм алынат.

Мындай чечим ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу максатында кабыл алынганы кабарланды.