Лионель Мессиге Сауд Арабия жылына 220 миллион евро төлөөгө даяр

ПСЖнын форварды Лионель Мессиге Сауд Арабия жылына 220 миллион евро төлөөгө даяр. Аргентиналык футболчуну клубга чакыруу үчүн өлкө бийлиги мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, айлык чектөөлөрүн алып салуу ниетинде.

 

Месси падышачылыкта наамы бар “Аль-Хиляль” клубуна өтө алат. Белгилеп кетсек, буга чейин Мессинин атасы Хорхе Месси “Аль-Хиляль” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, баласы үчүн жылына 300 миллион евролук айлыкты талап кылууда деген маалыматтар тараган.