Бишкекте бүгүн бир катар көчөлөр тосулат. Убактылуу чектөөлөр транспорт кыймылына саат 10дон 12ге чейин Сүйөркулов көчөсүнүн Малдыбаевден Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки тилкесинде жана Байтик Баатыр көчөсүнүн түштүк тарапты көздөй Сүйөркулов-Масалиев бөлүгүндө киргизилет.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн жол инспекторлору мектеп окуучулары менен биргеликте жүрүш уюштурат.
Иш-чара айдоочулардын көңүлүн жол эрежелерин так сактоого буруу үчүн өткөрүлөт.