Өлкө боюнча жалпы 8 миң 500 аз камсыз үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түздү

Өлкө боюнча жалпы 8 миң 500 аз камсыз үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түздү.

 

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Долбоордун катышуучуларынын басымдуусу Ош облусуна туура келет – 2 миң 420 үй-бүлө, андан кийин 1 миң 915 катышуучу менен Жалал-Абад облусу турат. Ысык-Көл, Чүй, Талас, Нарын облустарында 800дөй үй-бүлө социалдык келишим түздү.

 

Министрликтен белгилешкендей, социалдык паспорту бар же “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алгандар кичи бизнес баштоо үчүн 100 миң сомдон ала алышат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.