Өлкөдө кылкандуу дан эгиндеринин 71 пайызы оруп-жыйналды

Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча кылкандуу дан эгиндердин 71%ы оруп-жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Мекеменин маалыматы боюнча, быйыл оруп-жыйноо иштери өткөн жылга салыштырмалуу жогорку деңгээлде жүрүүдө.

 

Кылкандуу дан эгиндеринин (буудай, арпанын) 351,2 миң гектары жыйналды, же 71,5 % түздү. Бул өткөн жылдагыдан 71,2 миң гектарга көп. Анын ичинен:

— 186,4 миң га буудай, же 77,5 %, өткөн жылдан 42,1 миң га көп;
— 164,8 миң га арпа – 65,7 %, же өткөн жылдан 29,1 миң га көп.

 

Орточо түшүмдүүлүк буудайдан 29,4 ц/га, арпадан — 25,8 ц/га, алынып, өткөн жылдагыдан — 6,4-4,8 ц/га жогору.

 

Буудайды себүүдө жогорку агротехниканы колдонуу менен Чүй, Жалал-Абад жана Талас облустарынын фермерлери орточо 31,0 ц/га алышууда. Ал эми, Нарын облусунда кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери жаңыдан башталды. Учурда Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери аяктаган жерлерге экинчи түшүм үчүн жүгөрү силосу, жашылча сыяктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү иштери жүрүп жатат.

Белгиленгендей, учурда кылкандуу дан эгиндеринин жыйноого 800дөн ашуун жыйноочу комбайндар катышууда.

 

Ал эми 221,1 миң тонна картошка казып алынып, өткөн жылдан 14,6 миң тоннага көп. Анын орточо түшүмдүүлүгү 170,0 ц/га түзүп, өткөн жылга караганда 4,2 ц/га жогору болууда. Ал эми жогорку көрсөтүчтү Ысык-Көл, Чүй облустарында гектарынан 184,0 центнерден алышууда.

 

Ошондой эле жашылча-бакча өсүмдүктөрү 637 тонна жыйналып, былтыркыдан 54,3 миң тонна жогору болууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.