Жыл башынан бери 458 жаңы тамчылатып суугаруу системасы орнотулду

2023-жылдын 1-ноябрына карата республика боюнча 458 жаңы тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп, 8096,2 га жер аянтына көбөйгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, республика боюнча тамчылатып сугаруу системасын орноткон жана иштеп аткан чарбакер субъектилердин саны 1004 түзүп, жер аянты 13223 га жерге жетти.

Облустар боюнча алып караганда Чүй облусу боюнча – 141 субъект, Ысык-Көл – 195, Нарын – 38, Талас – 11, Ош – 131, Баткен – 148 болсо, Жалал-Абад облусу боюнча 340 субъект бул ыкмага өткөн. Ал эми Чүй облусу боюнча 9460 га, Ысык-Көл – 1678 га, Нарын-142 га, Талас-25 га, Ош – 452 га, Баткен – 566 га болсо, Жалал-Абад облусу боюнча 870 га жерге тамчылатып сугаруу системалары коюлган.

 

Белгиленгендей, 2011-жылдан бери “Айыл Банк” ААК аркылуу тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системасын өнүктүрүү максатында министрлик жана мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, жыл сайын «Айыл чарбасын каржылоо», «Агроөнөр жай комплексин каржылоо», «Гослизинг», ошондой эле ЕАӨБ мамлекеттик лизингдик долбоорлору аркылуу жеңилдетилген насыялар берилип келет.

 

Аталаган долбоорлорго бир топ женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин жана кластердик бирикмелер менен кооперациялоо механизмдери, айыл чарбасына заманбап техникаларды, шаймандарды жана жабдыктарды лизинг аркылуу алуу киргизилген.