Өлкөдө кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн 41,5%ы жыйналды

Кыргызстанда кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн 41,5%ы оруп жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери Нарын, Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда кызуу жүрүүдө. Жалпы республика боюнча 886 комбайн иштеп жатат.

 

Кылкандуу дан эгиндеринин 203,1 миң га, же 41,5 % жыйналып алынып, орточо түшүмдүүлүгү 28,6 ц/га түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 13,6 центнерге көп. Жалпы дүң түшүмү бункердик салмак менен алганда 581,2 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга караганда 279 миң тоннага көп топтолду.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.