«Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоорунун алкагында 380 млн сом насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоорунун алкагында жыл башынан бери 380 миллион сом насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

 

Насыя эки категорияда берилди. Өсүмдүк өстүрүү боюнча жалпы 69 млн 379 миң сомго 157 насыя, ал эми мал чарбачылыгы категориясында жалпы 310 млн 914 миң сомго 657 насыя берилди.