Өлкөнүн бийик тоолуу ашууларында жолду кардан тазалоо иштери уланууда

Өлкөнүн бийик тоолуу ашууларында жолду кардан тазалоо иштери уланууда. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Долон, Чычкан капчыгайы жана башка унаа жолдордо тайгакка каршы каршы инерттүү материалдарды себүү иштери аткарылып жатат.

 

Айдоочуларга тоолуу райондорго сапарга чыгууда жанында чынжырларын алып жүрүү жана жол эрежесин так сактоо сунушталат.