АКШда суу шаркыратмасы “өрт” шаркыратмасына айланды

АКШда суу шаркыратмасы “өрт” шаркыратмасына айланды. UPI басылмасынын маалыматына ылайык, Калифорниядагы улуттук парктын аймагындагы шаркыратма жаратылыш кубулушунан улам, көрүүчүлөргө өзгөчө көрүнүш тартуулады.

 

Февраль айында гана бир нече күндө сууга күн нуру түз тийген учурда, суу кызыл түскө боелуп, алыстан жалынга окшошот. Мындай кубулуш  30 мүнөткө созулат.