Мүлк ижарасынан түшкөн каражатты жергиликтүү бюджетке калтыруу сунушталды

Мамлекеттик мүлктүн ижарасынан түшкөн каражатты жергиликтүү бюджетке калтыруу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев демилгелеген.
Маалыматка ылайык, ижарадан түшкөн каражат республикалык бюджетке которулгандыктан баланс кармоочулар (мамлекеттик мекемелер) бош турган аянттарды ижарага берүүгө кызыкдар эмес.
«Мыйзам боюнча, ижара акынын 70 пайызы объектилерди оңдоп-түзөөгө жана кармоого калат. Бирок муну ишке ашыруу татаал болууда. Мындан улам ижарадан республикалык бюджетке түшкөн кирешени бөлүштүрүү укугу министрлер кабинетине берүү каралып жатат. Бул чара баланс кармоочуларга ижара акынын бир бөлүгүн алып калууга мүмкүндүк берет. Натыйжада мамлекеттик мүлктүн абалы жакшырса ижарачыларды тартууга шарт түзүлүп, киреше көбөйөт», — деп жазылган негиздемеде.
2023-жылы 79 миң чарчы метр аянттагы мамлекеттик мүлк ижарага берилип, бюджетке 171,28 миллион сом түшкөнү кошумчаланды.