Ветеринардык кызмат 102 млн сомдон ашык каражатка вакцина сатып алат

Ветеринардык кызмат 102 млн сомдон ашык каражатка вакцина сатып алат. Айыл чарба министрлигине караштуу мекемеден билдиришкендей, бул боюнча тиешелүү тендер жарыяланды.

 

Маалыматка ылайык, вакцина шарп, чечек, күйдүргү, кара тумоо сыяктуу ооруларга каршы колдонулат.