12-13-октябрга аба каттамдарын пландаштырган жүргүнчүлөргө аэропортко демейкиден эрте келүү сунушталат. Башкы аба майдандын басма сөз кызматы КМШ мамлекет башчыларынын саммити учурунда Бишкек – Манас аэропорту жолу маал-маалы менен кыймылга жабыларын эскертти.
Шаардын айрым көчөлөрүндө да унаа кыймылы чектелет.
Жүргүнчүлөр катталуу жана учууга кечикпеши үчүн бул чараларды эске алышы керек.