Маданият министрлиги Нарын облусундагы “Таш-Рабат” кербен-сарайын жаңылайт

Маданият министрлиги Нарын облусундагы “Таш-Рабат” кербен-сарайын жаңылайт. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Алтынбек Максутов билдирди. Анын айтымында, тарыхый объект министрликтин балансына өткөрүлөт.

 

Анын аймагын кеңейтин, имаратын калыбына келтирүү пландалууда. Максутов кошумчалагандай, быйыл каржылоо суроосу чечилет, андан кийин тарыхый объекттин реконструкциясы иштери башталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.