Мексикада аялдар иштери боюнча министрлик пайда болот. Бул тууралуу өлкө тарыхындагы биринчи аял-президент Клаудия Шейнбаум билдирди.
Анын айтымында, жаңы ведомствонун башкы тапшырмасы – аялдарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү системасын уюштуруу болот.
Министрлик 1-октябрдан тарта өз ишин баштайт деп күтүлүүдө, дал ошол мезгилде Клаудия Шейнбаум дагы өлкө башчы кызматына киришет.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.