Индияда 15 жаштагы бала чачын 150 сантиметр кылып өстүрдү

Индияда 15 жаштагы бала чачын 150 сантиметр кылып өстүрдү. Ал ушул күнгө чейин бир дагы жолу чачын алдырып көргөн эмес. Муну менен өспүрүм эркектердин арасында чачынын узундугу боюнча дүйнөлүк рекорд орнотту.

 

Сидакдип Чахал жумасына эки ирет башын жууйт жана бул процедурада дайыма апасынын жардамына муктаж. Өспүрүм карманган сикхи динине байланыштуу чачын кыркпайт.