Мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынат

Мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынат. УКМК билим берүү тармагынын кызматкерлерине мыйзамсыз акча бергендиги жана алганы үчүн кылмыш жоопкерчилиги караларын эскертти.

 

Укук коргоо органдары тарабынан бала бакчалардын жана мектептердин мугалимдерине, кызматкерлерине бир катар профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

 

Балдарды 1-класска кабыл алууда жана класстарды, мектептерди тейлөөгө мектептер акча чогултпашы керек.  Жарандар мындай көрүнүшкө туш болсо, 0312-66-04-75 номерине кайрылса болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.