Ош, Жалал-Абад, Баткенге таксисттер мындан ары Батыш автобекети аркылуу каттайт

Ош, Жалал-Абад, Баткен жана башка аймактарга каттаган таксисттер мындан ары Бишкектеги Ош базарынын айланасында турбайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, алар эми аймактарга Батыш автобекети аркылуу каттайт.

 

Башкармалык белгилегендей, таксисттерге эч кандай көзөмөл болбой, тыныгуусуз, күнүнө эки рейс жасап, унаалардын абалына көз салбай жатышат. Мунун баары кырсыктарга алып келүүдө.

 

Эми автовокзалда таксисттердин график боюнча жолго чыгуусу жана бардык эрежелердин сакталышы текшерилет.