Бишкекке жылуулук кайтып келди. Бирок болгону 2 күнгө эле. Синоптиктердин маалыматына ылайык, эртең жана бүрсүгүнү ордо калаада күн 30 градуска чейин ысыйт.
Бул нормадан 8-10 градуска жогору. Мындай аба-ырайы эс алуу күндөрүнө чейин созулат.
Ишемби, жекшембиде кайрадан жаан жаайт. 17-18-апрелде кескин суук болот, түндө үшүк жүрсө, күндүз аба табы 6…8 градустан жогорулабайт. Карга айланган жаан жаашы күтүлөт.