Министрлик кыргызстандыктарды Британияга барбай турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жарандарды Улуу Британиянын бир катар шаарларына барбай турууга чакырды.

 

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын жарандарына Ротерхэм, Болтон, Блэкпул, Халл, Бристоль, Сток-он-Трент, Белфаст, ошондой эле Манчестер жана Ливерпуль шаарларындагы абал турукташканга чейин бул аймактарга барбай туруу сунушталды.

Британиянын аталган аймактарында жүргөн Кыргызстандын жарандарын күчөтүлгөн коопсуздук чараларын сактоого, сак болууга, эл көп чогулган жерлерге баруудан карманууга жана акыркы жаңылыктарга көз салууга чакырат.

 

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинин ыкчам байланыш телефону аркылуу Кыргызстандын жарандары зарыл учурда жардам же кеңеш сурап кайрыла алышат: +44 7341 185777 (WhatsApp).

 

Британияда расизмге каршы миңдеген демонстранттар өлкөнүн бардык шаарларында, анын ичинде Бристол, Бирмингем, Ливерпуль жана Лондондо чогулушту.

Башаламандык Саутпорт шаарындагы бий студиясына болгон кол салуунун эртеси күнү башталган. 29-июль күнү кечинде белгисиз бирөө бычак менен балдардын бий студиясына кирип барып, кол салган. Жыйынтыгында үч секелек кыз набыт болуп, ондон ашууну жараат алган.

 

Социалдык тармактарда кол салган киши радикал исламчы экени тууралуу ырасталбаган кабарлар тарагандан кийин ашынган оңчулдар нааразылык акциясына чыгышкан. Полиция андай кабарларга ишенбөө керектигин билдиргени менен, башаламандык токтогон жок. Полиция 17 жаштагы шектүү Аксел Рудакубана Улуу Британияда туулганын, ата-энеси Руандадан чыкканын билдирген.

Саутпортто башаламандык уюштургандарды Британиянын өкмөт башчысы Кир Стармер кескин айыптап, «X» социалдык түйүнүнө: «Курман болгондорду эскерүү иш-чарасынан пайдаланып, зордук-зомбулук жана бейбаштык менен алектенгендер ансыз да кайгырып турган коомдун беделине шек келтирди», — деп жазган.