Аял күйөөсү аны ашыкча сүйгөндүктөн ажырашууга арыз жазды

Бириккен Араб Эмираттарында сот органы адаттан тыш үй-бүлөлүк ишти карады.

 

Аял күйөөсү аны ашыкча сүйгөндүктөн ажырашууга арыз жазган. Анын айтымында, күйөөсү ага эч качан кыйкырган эмес, эч нерседен баш тарткан эмес, кээде тамак жасап, үй жыйнап да коет.

 

Аял кээде чындап эле чыр-чатакты кааларын мойнуна алат, бирок күйөөсү ага жол бербейт. Аялынын ажырашуу чечимине нааразы болгон эркек жөн гана идеалдуу күйөө болгусу келерин белгиледи.

 

Сот жубайларга жарашуу мүмкүнчүлүгүн берип, ишти кароону кийинкиге жылдырды.