Министрлик ЖМК, соцтармактагы жалган маалымат үчүн айып салууну сунуштады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушун берди. “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу министрлик иштеп чыккан мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлду.

 

Документтин маалымкат-негиздемесинде долбоор коомдук кызыкчылыкты, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында жазылганы айтылат.

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жакында эле Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жана мазактоо сөздөрү үчүн айып пул салуу демилгесин көтөрүп, мыйзам долбоорун даярдаган. Анда да жалаа жапкан жеке адамдарга 100 миң сом, ишканаларга 200 миң сом айып пул салуу каралган.