Нарын – Баетов унаа жолун капиталдык оңдоо иштери 2025-жылы аяктайт

Нарын – Баетов унаа жолун капиталдык оңдоо иштери 2025-жылы аяктайт. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жол  2 тилкелүү 10 тонна жүккө ылайыкталып салынууда.

 

Жалпы узундугу 120 чакырымды  түзөт.  Учурда планга киргизилген асфальт төшөө иштери жер-жерлерде аткарылып, калган тилкелеринде асфальт төшөөгө жер негизи даярдалып жатат.  Ошондой эле жер астындагы  суу түтүктөрдү алмаштыруу иштери да кызуу жүрүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.