Нарын облусунун Жумгал районунун Лама айылында 100 орундуу мектептин курулушу башталды

Нарын облусунун Жумгал районунун Лама айылында 100 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, долбоор боюнча мектеп заманбап техникалар менен жабдылган эки кабаттуу окуу корпус жана спорттук залы менен курулат. Билим берүү мекемесинин жалпы аянты 1 ми 29 чарчы метрди түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.