Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекети убактылуу иштебейт

Бүгүн «Достук — унаа жолу» көзөмөл өткөрүү пунктунда адамдар жана унааларды өткөрүү эки саатка токтотулду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

 

«30-октябрда саат 12:00дөн 14:00гө чейин кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук — унаа жолу» өткөрүү пункттунда адамдарды, унааларды жана оор жүк ташуучу унааларды өткөрүү убактылуу токтотулат», — деп айтылат маалыматта.

 

Белгиленгендей, бул Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун (Тышкы миграцияны эсепке алуу тутумунун) жаңылануусуна байланыштуу.

 

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекети эл аралык өткөрүү пункту болуп саналат жана ал күнү-түнү иштейт.