Нарында жол кире жана таштанды үчүн тариф кымбаттайт

Нарын шаарында жол кире жана таштанды үчүн тариф кымбаттайт.

Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар аймагында маршруттук таксилердин жол акысы эми бардыгы үчүн 10 сом болот.

Буга чейин мектеп окуучуларынан 5 сом алынчу.

Ошондой эле таштанды төлөмдөрүнүн баасы 12 сомдон 20 сомго көтөрүлөт.