Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталды.
Муфтияттан билдиришкендей, каттоо 14-февралга чейин жүргүзүлөт.
Ушул убакыт аралыгында 2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер 1 миң долларды банкка төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү тараптарга тапшыруусу керек.
Ал эми жаңыдан ажылыкка барууну каалагандарды каттоо ID-картанын негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүрөт.
Эске салсак, Сауд Аравия 2023-жылдагы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлгөн.
Ал эми 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4 миң 313 жаран кезекте турат.