Ош облусунда 5 миң 100 абонентке электр жарыгын берүү жанданды

Ош облусунда 5 миң 100 абонентке электр жарыгын берүү жанданды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, сел жүрүп жалпысынан аймакта 7 миң 500 керектөөчү жарыксыз калган.

 

Учурда агып кеткен мамыларды калыбына келтирүү, авариялык оңдоо иштери жүрүп жатат. Андан тышкары, энергетиктер подстанцияларды тазалоодо.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.