Кыргызстанга январь айында 6,5 миң унаа жеткирилди

Кыргызстанга январь айында 6,5 миң унаа жеткирилди.

 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, эң көп транспорт каражаттары Түштүк Корея, Россия, АКШ, Кытай, Япония, Литва жана Германиядан келет.

 

Ведомстводон белгилешкендей, өткөн жылдын биринчи айында 1,5 эсеге аз унаа жеткирилген болчу. Жалпысынан 2022-жылы өлкөгө 40 миңден ашык машине алып келинген. Бул акыркы бир нече жыл ичиндеги рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет.