Айыл чарбасын каржылоо — 11 долбоорунун алкагында жалпысынан 7 миң 150дөн ашык насыя берилди. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, берилген сумма 3 миллиард 229 миллион сомго барабар.
Жеңилдетилген шарттар менен дыйкандарга кредит мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү тармактарына берилип келет.
Эске салсак, долбоордун алкагында жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы башталган.