Ош шаардык клиникалык ооруканасына жаңы медициналык жабдуулар берилет. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, аппараттар Кытай грантынын алкагында алынат.
Жабдуулардын жалпы суммасы 5 миллион долларды түзөт.
Ошондой эле учурда ооруканада жаңы клиникалык-диагностикалык бөлүм курулуп жатат. Ишти сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Бөлүмдүн курулушуна жергиликтүү бюджеттен 53 млн сом бөлүнгөн.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.