Ош шаарынын күнүнө карата бир катар маданий иш-чаралар уюштурулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, күндүзгү саат 10дон тарта Т.Сатылганов атындагы сейил багындагы жайкы театрда концерттик программалар, ОшМУнун “Ак-Буура” кампусунда авто жана мото сүйүүчүлөр үчүн фестиваль, Алымбек датка этно борборунда кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү өтөт.
Майрам кечки саат 7де борбордук стадиондо театралдаштырылган чоң программадагы шоу-концерт менен жыйынтыкталат. Эске салсак, Ош шаарынын күнү 5-октябрда белгиленет.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.