Ысык-Көлдө Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгы белгиленди

Кечээ, 7-октябрда Кыргыз ССРнин эл артисти Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракеси өзүнүн туулуп өскөн жери Ысык-Көл районуна караштуу Корумду айылында белгиленди.

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты мнистрлигинен билдиргендей, иш-чарага мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундары катышты.

 

Салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөгөндөр Карамолдо Орозовдун кыргыз маданиятына кошкон салымы, анын ичинде кыргыздын күү өнөрүнүн өнүгүшүнө опол тоодой жасап кеткен эмгеги бааланып, өз заманынын залкары болгонун сыймыктануу менен эскеришип, анын күүлөрүндө кыргыз элинин өткөндөгү турмушу, кайгысы, күйүтү, кубанычы, меймандостугу баяндалган кылым карыткан күүлөрү түбөлүккө сакталып кала тургандыгын белгилешти .

 

Мааракелик иш-чарада Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониянын Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин концерти, Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналган комузчулар арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү концерттик программа сунушташып, конкурста жеңүүчү аталган комузчуларга байгелер тапшырылды.