Кыргызстандын делегациясы Кашкар шаарында форумга катышты

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу 21-25-июнь күндөрү кыргыз делегациясынын курамы менен Кытайдын Кашкар шаарында өткөн Борбордук Түштүк Азия өлкөлөрүнүн катышуусундагы 13-Кашкар көргөзмө-жарманкесине катышты.

Министрликтен билдиришкендей, көргөзмөнүн биринчи күнүндө Шинжаңдын белгилүү чыгармачыл топторунун катышуусунда «Кашкар жарманкеси» гала-концерти өттү.

 

Көргөзмөнүн экинчи күнү Кашкар эл аралык көргөзмө борборунда «Шинжаң-Кашкар Орто Азия жана Түштүк Азия» 13-соода көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болду.

Кыргыз делегациясы Кашкар эл аралык көргөзмө борборунда болуп, «Ички жана тышкы байланыштар, эки тараптуу ачыктык, «Жибек жолунун» Кашкар экономикалык зонасында Түштүк Шинжаңдын таянычын достук менен куруу» форумуна катышты.

Ошондой эле Чыңгыз Эсенгул уулу ардактуу конок катары маданий туризмди өнүктүрүү боюнча «Кашкар — Жибек Жолунун экономикалык алкагы» форумуна катышып, андан соң, Шинжаң-Уйгур автоном районунун (СУАР) элдик өкмөтүнүн төрагасы, Шинжаңдын губернатору Эркин Тунияз башында турган Кашкар администрациясынын жетекчилиги менен жолукту.

 

Мындан тышкары, министрдин орун басары эл аралык ишкердик кызматташуу жана «Жибек жолунун экономикалык алкагы – Кашкарды өнүктүрүү» форумдарына, «Жибек жолунун экономикалык алкагы – санариптик Кашкарды куруу жана өнүктүрүү» форумуна барды.

 

Жыйынтыктоочу күнү делегация Кашкардын маданий-туристтик тамак-аш фестивалына катышуу үчүн Кашкардын эл аралык көргөзмө борборуна барышты.

Эскерте сала кетсек, КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү атамекендик продукцияны кытай рыногуна чыгаруу максатында ата мекендик ишканалардын өкүлдөрүнө көргөзмө павильонун берүү боюнча иштерди уюштурган.