ОшМУ Евразиялык билим берүү мейкиндигинин эл аралык рейтингинде алдыңкы үчтүккө кирди. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 1-орунду аль-Фараби атындагы казак университети, 2-орунду Россия өкмөтүнө караштуу Финансы окуу жайы ээледи.
Жалпысынан тандоого 11 өлкөнүн алдыңкы университеттери катышты.
Рейтинг билим берүүчү жайдын сапатын жана академиялык коомчулуктагы беделин билдирет.