Мектеп окуучуларынын тамак-ашына чыгымдарды көбөйтүү пландалууда

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын тамак-ашына бюджеттик чыгымдарды көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

 

Анын айтымында, бул маселе Каржы министрлиги менен талкууланып жатат. Чечим оң болсо, мамлекеттик мектептердеги башталгыч класс окуучуларынын ысык тамагына бөлүнгөн акча 14 сомго көбөйтүлөт.

 

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө тамактандыруу системасы 600 миңден ашык баланы камтыйт, бул өлкөдөгү мектептердин 82 пайызын түзөт.