Ошто 45 млн сомго жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулууда

Ош шаарында Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишине жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн курулушу башталды. Мэриянын маалыматына караганда, анын бийиктиги 7 метрге чейин болот.

 

Тепкичтер төрт тараптан каралган. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын лифт орнотулат.

 

Туруксуз аба ырайында жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратпоо үчүн өтмөк үч катмарлуу айнек менен жабылат.

 

Курулушту жайдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Долбоордун баасы 45 миллион сомду түзөт.