Кыргыз-өзбек автозаводунун курулушу башталды

Кыргыз-өзбек автозаводунун курулушу башталды. Novosti.kgге Экономика жана соода министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдиргендей, ишкана ушул жылдын аягына чейин ишке кирет.

 

Ага ылайык, жылына 5 миң автомобиль чыгаруу, аны акырындап 30 миңге жеткирүү пландалууда. Анын негизинде 2 миң жумуш орду түзүлөт.

 

Чүй облусундагы долбоор 6 жылдын ичинде толук кандуу ишке ашат деп күтүлүүдө.