Ошто бүгүнтөн тарта «Коопсуз шаар» долбоору толук ишке кирет

Бүгүнтөн тарта Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоору толук ишке кирет. Түштүк калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, орнотулган камералардын жардамы менен ылдамдыкты жогорулаткан айдоочулар, каршы тилкеге ​​чыккандар, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкелерге жана тротуарларга токтоп алгандар, коопсуздук курун тагынбагандар, жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөгөндөр сыяктуу жол эрежесин бузуулар аныкталып, айыпка жыгылат.

 

Эреже бузуулар боюнча айып пулдар тууралуу билдирүү бир айдын ичинде жеткирилет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.