Бүгүнтөн тарта Бишкекте ысык суу өчүрүлөт. Мэриядан эскертишкендей, бул ирет адаттагыдан айырмаланып ысык сууну берүүдө чектөө бир айга эмес, көбүрөөк убакытка – 22-апрелден 1-июнга чейин киргизилет.
Мындай чечим Бишкек ЖЭБинде жана жылуулук тармактарында масштабдуу оңдоо иштери пландалганына байланыштуу кабыл алынган.