Ошто “Коопсуз шаар” долбоору 1-июлдан тарта толук кандуу иштеп баштайт

Ош шаарында 1-июлдан тарта “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айдоочулар жол эрежесин бузгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү ала баштайт. Мэриядан эске салышкандай, 1-июндан тарта камералар тесттик режимде иштеп жатат, тагыраагы мыйзам бузуулар үчүн айып пул салына элек.

 

Долбоор келерки айдын башынан тарта толук кандуу ишке кирет. Жалпысынан шаардын 20 кесилишине 150 аппарат орнотулган.