Ошто онго жакын ирригациялык скважина калыбына келтирилди

Араван районундагы Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн аймагында 9 ирригациялык скважина жаңыртылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Союз учурунда аталган аймакта 80ден ашуун скважина бар болсо, бүгүнкү күндө алардын 41-42си гана иштеп жатат.

 

«2022-жылы Министрлер кабинетинин ирригация үчүн иштебеген скважиналарды калыбына келтирүү жөнүндө токтомуна ылайык, 30дан ашуун скважинаны калыбына келтирүү каралган. Алардын 20сы Ош облусунда жайгашкан. Ал эми Араван районунда 10 скважинаны калыбына келтирүү мерчемделген. Анын ичинен бүгүнкү күндө Төө-Моюн аймагында — 5, Араван районунун Жогорку зонасында — 4 скважина калыбына келтирилди, — деп айтылат маалыматта.

 

Белгиленгендей, скважиналарды калыбына келтирүү республикалык бюджет жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.