Жогорку Кеңеш “Улуттук валюта жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды

Жогорку Кеңеш “Улуттук валюта жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Депутаттар сомду Кыргызстандан башка жерде басып чыгарууга тыюу салууну сунуштады.

 

Андан тышкары, мыйзамда республика аймагында товар жана кызматтар үчүн төлөмдү бир гана сом менен жүргүзүү талабы жазылган. Мындай эреже бир гана импорт жана экспортто валюталык кирешеге ээ болгон экономикалык субъектилерге тиешелүү болбойт.