Быйыл Бишкек ЖЭБинин иши 30-40 күнгө толук токтотулат

Быйыл Бишкек жылуулук электр борборунун иши 30-40 күнгө толук токтотулат. Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдиргендей, мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

 

Эске салсак, ЖЭБдеги ремонт иштеринен улам жыл сайын май же июнь айларында ысык суу берүү 20-30 күнгө токтотулуп турчу. Быйылкы график кийинчерээк такталат.