Ошто ЖОЖдун деканы пара талап кылууга шектелип кармалды

Ошто ЖОЖдордун биринин деканы жана анын орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

 

Маалыматта Ош шаарындагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КУМУ) финансы-экономика факультетинин деканы Ш.Ш.О. мамлекеттик экзамендерди тапшырууда студенттерден системалуу түрдө опузалап акча талап кылгандыгы айтылат.

 

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык, эки суткага (48 саатка) УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

 

Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара талап кылуу» беренеси менен ушул эле окуу жайдын гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы У.И.С. жана декандын орун басары Д.у.Д. кармалган.