ИИМ: Бишкектеги окуяларда тогуз кылмыш иши козголду

13-18-майга караган түндөрү Бишкекте болгон окуяларда тогуз кылмыш иши козголуп, 10 адамга айып тагылды.

 

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, козголгон кылмыш иштеринин ичинде бейбаштык боюнча үч, тоноого байланыштуу бир, каракчылык боюнча бир, массалык башаламандык боюнча үч, расалык, этникалык, улуттук, диний жана региондор аралык кастыкты козгоого байланыштуу бир кылмыш иши тергелип жатат. 33 жаран жабырлануучу катары табылып, 10 кишиге айып тагылган. Алардын ичинен алтоо Кыргызстандын, төртөө чет өлкөнүн жарандары.

 

Мекеме бардык фактылар жана жагдайлар кылдат каралып, иликтенерин, мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдар жоопко тартыларын билдирди.