Панфилов районунунда 100 орундуу мектептин курулушу башталды

Панфилов районунун Фрунзе айыл аймагында 100 орундуу мектептин курулушу башталды. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ага республикалык бюджеттен дээрлик 50 млн сом каралган.

 

Белгиленгендей, бул айылдагы эски мектеп авариялык абалга келген. Анда 85 окуучу билим алат.